Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Келдибековдун соту 20-февралда өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал отурумда Келдибековду Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү да каралат.

Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштин оордугун жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин эске алып соттон аны камакка алууну суранууда.

Ал эми Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абылов ал дарыланууну улантуу үчүн кайрадан Германияга кетерин, мындай зарылдыкты тастыктаган тийиштүү медициналык аныктамалар бар экенин билдирген.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып 2013-жылдын күзүндө камалган болчу. 2014-жылдын августунда чет элден дарылануу керек деген негизде соттун уруксаты менен чет өлкөгө кеткен. (МТо)

XS
SM
MD
LG