Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Өзбекстанда журналист Хамидов боштондукка чыкты


Өзбекстанда 2010-жылы экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар деп камалган журналист Хайрулло Хамидов эркиндикке чыкты.

Өзбек бийликтери журналисттин мөөнөтүнөн бир жыл мурда бошотулушунун себептерин түшүндүрүүдөн баш тартышты.

Ислам жөнүндөгү радиопрограмманын алып баруучусу Хайрулло Хамидовду өзбекстандыктар спорттук комментатор жана акын катары билишет.

XS
SM
MD
LG