Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Депутаттар Салянованын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылат


Мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын коопсуздугуна коркунуч бар. Буга байланыштуу мамлекет анын жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун сактоо үчүн чара көрүшү керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ушундай демилге менен президентке, өкмөт башчысына жана парламент төрагасына кайрылганы жатат.

- Кечээ маалымат жыйынында Салянова коопсуздугуна коркунуч бардыгын айтты. Президенттин парламенттеги өкүлү мурдагы Баш прокурорду коргоого алуу мыйзамда каралган эмес дейт. Бирок мамлекет ар бир жаранын коргошу керек да?!, - деди Сасыкбаева.

Вице-спикердин пикиринде, "ушундан улам кезинде өмүрүн тобокелге салып Кыргызстанга ак эмгек кылган, коррупция менен күрөшүү боюнча буга чейин болуп көрбөгөндөй эмгек жасаган кишини коргоп калуу керек”.

Аида Салянова өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан аманат кат жазууга мажбур болгонун кечээ айткан. (МТо)

XS
SM
MD
LG