Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

КТРК Байкоочу кеңешине Абды Сатаров төрагалык кылат


Мындай чечимди Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңеши бүгүнкү отурумунда кабыл алды.

Байкоочу кеңештин мурунку төрагасы Илим Карыпбеков өткөн аптада КТРКнын башкы жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын ордуна Байкоочу кеңеш жетекчисинин убактылуу милдетин кеңештин мүчөсү Тамара Жаманбаева аткарып турду. Бүгүнтөн тартып КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалык милдетин Абды Сатаров аткарат.

Абды Сатаров мурда Коомдук телеканалдын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Тележурналистика айдыңына 1973-жылы келген. Ошондон бери КТРК, КООРТ, “Ош-3000”, НТС телеканалдарында жана башка бир катар мезгилдүү басма сөздөрдө эмгек өтөгөн. Азыр Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп иштейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG