Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Серик Ахметовдун иши иликтенип бүттү


Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметовго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө жыйынтыкталды жана жакында сотко өткөрүлөт. Бул тууралуу Tengrinews.kz. агенттиги маалымдады. Учурда экс-премьер жана анын адвокаттары иштин чоо-жайы менен таанышууда.

56 жаштагы Ахметов казак өкмөтүн 2012-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын апрелине чейин башкарган.

Ал “мамлекеттик бюджеттен ири өлчөмдөгү акчаны уурдаган жана кыянат пайдаланган” деген айып менен үй камагына былтыр ноябрда алынган.

Ага чейин октябрь айында ал коргоо министри кызматынан кетип, бул Ахметовдун өз чечими катары түшүндүрүлгөн эле.

Ахметов үй камагына отургузулар алдында коррупция боюнча айыпталып, Караганда облусунун губернатору Бауржан Абдишев, Караганда шаарынын мэри Мeйрам Смагулов жана башка расмий өкүлдөр да камалган.

Өзүнө тагылган айыптарды Ахметов четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG