Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:22

Эл аралык валюта кору Украинага 17,5 миллиард доллар бөлөт


Кристин Лагард
Кристин Лагард

Эл аралык валюта кору менен украин бийликтери өлкөнүн каржы тармагын сактап калуу үчүн 17,5 миллард долларлык пакет боюнча алдын ала макулдашууга жетишти.

Валюта корунун башчысы Кристин Лагард 12- февралда Киевде иштеген уюмдун миссиясы Украина өкмөтү менен төрт жылдык пакет боюнча бир келишимге келгенин айтты. Лагард айым эми бул макулдашуу Валюта Корунун директорлор кеңеши тарабынан жактырылышы керектигин кошумчалады.

Кристин Лагарддын айтымында, алдыдагы төрт жылда Украинанын жалпы пакети 40 миллард долларды түзөт жана башка кошумча булактардан да каржыланат. Бул каражатка Киев эрктүү реформаларды жүргүзөрү күтүлүүдө.

Батыш Киевге басым жасоо менен украин өкмөтүнөн коррупция менен күрөштү күчөтүүнү жана өлкө чыгышында согуш жүрүп жатканына карабай каржы системасын өзгөртүүнү талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG