Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Токтогул ГЭСинин суу сактагычында топтолгон сууну сарамжалдуу пайдаланууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракция жыйынында билдирди.
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, өкмөт аралык келишимге ылайык Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан коӊшу өлкөлөргө жылына 12 млрд. куб метр суу берип турууга милдеттүү, бирок ушу тапта 14 млрд. куб метрден ашык суу агууда.
- Эгер ашыкча суу агызуу зарылдыгы келип чыкса, анда жоопкерчиликти өкмөт башы же парламент алышы зарыл. Мындай орчундуу маселенин министрликтин деӊгээлинде чечилиши туура эмес, - дейт Текебаев.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев Кыргызстанда электр кубатын керектөө көлөмү былтыр 14 млрд 700 млн. кВт/саатка жеткенин же жылыга 1 млрд. кВт/саатка чейин көбөйүп баратканын белгиледи. Ошондон улам, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында электр энергиясын өндүрүүнүн атаандаш булактарын да колго алуу зарыл. (RK)