Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көл облусунан Сирияга кеткендердин жалпы саны 12 адам болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, алар - беш үй-бүлөдөн аял-күйөөсү болуп 10 киши жана дагы 2 киши.
Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан Сирияга кетүү агымы 2012-жылдын аягында башталган. Ошондон бери Сириядагы согушка кеткендердин саны 200дөн ашты, арасында отуздан ашуун аял бар.
Ошондой эле Сирияга үй-бүлөсү менен, ымыркай балдарын да алып кеткендер көп каттала баштады. (TSh/RK)