Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:47

Ирак: ИМ тобунун согушкерлери аскер базага чабуул койду


Ирактын коопсуздук күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин Анбар провинциясындагы авиабазага жасаган чабуулунун мизин кайтарды. Аталган базада 300гө жакын АКШнын аскери жергиликтүү аскерлерди окутуп, үйрөтөт.

Расмий маалымат боюнча, салгылашуу маалында сегиз согушкер жок кылынган. Пентагон бул операцияга бир да америкалык аскердин катышпаганын билдирди.

Аскер базага чабуул согушкерлер коңшу Ал-Багдади шаарына кол салгандан көп убакыт өтпөй жасалды. Айрым маалыматтар боюнча, бул шаар согушкерлердин колуна өттү.

XS
SM
MD
LG