Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

ӨКМ чукул жагдайларга байланыштуу жыйын өткөрүүдө


Бишкектин четиндеги Ала-Тоо конушунда жолду каптаган суу. 10-февраль, 2015-жыл.
Бишкектин четиндеги Ала-Тоо конушунда жолду каптаган суу. 10-февраль, 2015-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда бүгүн өтүп жаткан он-лайн жыйында Кооптуу учурларга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо департаментинин жана Гидрометеорология боюнча агенттигинин ишмердүүлүгү талкууланууда.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурхан Момуналиевдин төрагалыгы астында өтүп жаткан чогулушка тармактын жетекчилик кызматында иштегендер, облустук башкармалыктын төрагалары интернет аркылуу кошулуп, маселени карап жатышат. Ошондой эле жыйында тармактагы коррупция менен күрөшүү, жумушту жакшыртуу боюнча белгиленген пландардын аткарылышы да каралат.

Соңку күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын ысышы жана жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктар орун ала баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG