Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Вашингтон Москваны Минск келишиминин “ыргагын” бузду деп айыптоодо


Америка Кошмо Штаттары Орусияны Украинадагы кырдаал боюнча жетишилген тынчтык келишиминин “ыргагын” бузганын айтып жатат.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Жен Псаки 13-февраль күнү Орусия Украинанын Дебальцево шаарында аба соккуларынан коргоону системасын, ошондой эле “чоң өлчөмдө артиллерия жана ракета системасын” орноткону тууралуу Вашингтон кабардар экенин билдирди. Андан сырткары, Москва жикчилдерге ири көлөмдө курал жөнөтүүнү мерчемдеп жатканы тууралуу да маалымат бар экенин кошумчалады.

Минскиде 12-февраль күнү Франция, Орусия, Украина жана Германия лидерлери жолугуп, 14 сааттык сүйлөшүүдөн соң 15-февралдан тарта Украинада ок атууну токтотуу боюнча макулдашкан.

Чоң жетилик эгер Минск келишими бузулса, Орусияга карата санкциялар күчөтүлөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG