Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Өзбекстанда облустук бийликтин имараты өрттөндү


Жизактагы облустук акимчиликтин өрттөнгөн имараты. 14-февраль, 2015-жыл.
Жизактагы облустук акимчиликтин өрттөнгөн имараты. 14-февраль, 2015-жыл.

13-февраль күнү кечинде Өзбекстандын Жизак облустук акимчилигинин имаратынан өрт чыгып, бир канча бөлмөлөр күйүп кетти. Маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келген жок. Күбөлөрдүн айтымында, өрт үчүнчү кабаттан чыккан. Андан соң биринчи жана алтынчы кабаттагы бөлмөлөр күйө баштаган. Мунун айынан бир канча документтер менен компьютерлер күлгө айланган.

Куткаруучулар өрт электр жабдууларын туура эмес колдонуудан улам чыкканын айтууда. Акимчиликтин кызматкери "Азаттыктын" өзбек кызматына күндүз жарык өчкөнүн, ошол бойдон бардык адамдар үйгө кеткенден соң берилгенин билдирди. Анын божомолунда, өрт жарык токко сайылып, ошол бойдон өчпөй калган электр плиталарынан тутанган болушу ыктымал.

Акимчиликтин имаратында эки-үч күн жумуш болбой турганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG