Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Краснодарда эки соттолуучу ачкачылык жарыялады


Краснодардын Совет районунда соттолуп жаткан Денис Калинин менен Николай Козловский ачкачылык жарыялады. Алар өздөрүнө карата коюлуп жаткан айыптоолор прокурор тарабынан жасалма документтердин негизинде даярдалганын айтып жатышат. Ачкачылык акциясы тууралуу билдирүү Краснодар крайынын прокуроруна жөнөтүлдү.

Эки жигит 2012-жылдын мартында камалган. Алар “маңзат өстүрөт” деген шек менен колго түшкөн. Соттолуучулар өздөрүнө коюлган күнөөнү моюнуна албай келишет. Алардын иши буга чейин эки жолу соттон артка кайтарылып, жакшылап териштирүү зарылдыгы белгиленген.

XS
SM
MD
LG