Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Бириккен Араб Эмираттары Йемендеги элчилигин жапты


Бириккен Араб Эмираттары ишембиде Йеменде саясий абалга байланыштуу өз элчилигин жапканын маалымдады. 13-февралда Сауд Арабиясы, Италия жана Германия Санадагы дипөкүлчүлүктөрүн коопсуздукка байланыштуу жапкан. Ага чейин АКШ, Британия жана Франция ушундай чечим кабыл алышкан болчу.

Январь айында Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур шиит өкүлдөрү хуситтер менен бир нече айга созулган кармаштан кийин отставкага кеткен. Андан кийин бийликке келгендер парламентти таркатып, Абд-Раббу Мансурду жана анын өкмөт мүчөлөрүн үй камагына алган.

Өткөн жылдын сентябрь айында хуситтер Йемендин борборунун көпчүлүк бөлүгүнө көзөмөл орнотуп, андан кийин өлкөнүн башка аймактарын ээлей баштаган.

XS
SM
MD
LG