Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Жеки Чандын уулу түрмөдөн чыккан соң элден кечирим сурады


Жейси Чан маалымат жыйыны учурунда.
Жейси Чан маалымат жыйыны учурунда.

Актер Жеки Чандын 32 жаштагы уулу Жейси Чан алты айлык камак мөөнөтүн өтөп чыккан соң кылган күнөөсү үчүн коомчулукка жүгүнүп кечирим сурады. Ал 2014-жылдын августунда тайвандык актер Ко Кай менен бирге маңзат пайдаланганы үчүн камалган болчу. Полиция Чандын Пекиндеги үйүнөн 100 грамм марихуана тапкан. Ага өткөн жылдын декабрында “маңзат жайылтуу” боюнча айып тагылган.

Ишемби күнү Жейси Пекинде уюштурулган маалымат жыйынында жасаган жоругуна өкүнүп жатканын айтты. Мындан ары убактысын үй-бүлөсүнө бөлүп, пайдалуу иштер менен алектенүүгө убада берди. Анын маалымат жыйыны Кытайдын мамлекеттик телеканалында түз көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG