Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Жарандык агартуу мектеби Конституцияны талкуулады


Эгемен Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган.
Эгемен Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган.

Жарандык агартуу мектебинин мүчөлөрүнө саясатчы Кубатбек Байболов Кыргызстандагы конституциялык өнүгүүнүн тарыхы тууралуу сабак өттү. 14-февралда уюштурулган иш-чарада Кыргызстан эгемендик алгандан бери Баш мыйзам талаптарынын толук аткарылбай жаткан себептери талкууланды. Бийлик башындагылардын Конституцияны өз пайдасына тууралап келгени – жарандардын өкмөткө ишениминин жоголушуна себеп болгону айтылды. Буга шайлоо учурунда атуулдардын үчтөн бири гана добуш берүүгө катышып жатканы негиз кылып көрсөтүлдү.

Жарандык агартуу мектеби 2014-жылдын ноябрынан бери эксперттердин катышуусунда түрдүү талкууларды уюштуруп келет.

Эгемен Кыргызстандын Баш мыйзамы 1993-жылы кабыл алынган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG