Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Москва кыргыз элчилиги жиберген нота боюнча чара көрөт


Москванын четинде Сахарово конушунда ачылган миграция борбору
Москванын четинде Сахарово конушунда ачылган миграция борбору

Москва шаарынын бийлиги Сахарово конушунда жайгашкан миграция борборундагы абалга байланыштуу кыргыз элчилиги жиберген нотаны карап чыгып, тийиштүү чара көрөт. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары Аймактык коопсуздук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Москва шаардык департаментинин башчысы Алексей Майоровго шилтеме жасап кабарлады.

Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине өткөн жумада нота жиберип, Сахарово конушунда ачылган Мамлекет аралык миграциялык борбордо түзүлгөн кырдаалды чечүү маселесин көтөргөн.

Билдирүүдө борбордо миңдеген кишилердин кезекке турганы, тартип сактоону камсыздаган «Кельт» жеке ишканасынын кызматкерлери мигранттарга өтө орой мамиле жасаары, мекеме кылмыш жазасын өтөөчү жайды элестеткен тикен зым менен курчалып, иттер менен кайтарылары маалымдалган. Ошондой эле борбор бир күндө кезекте турган үч миң кишинин 30 пайызын гана тейлөөгө жетишип жатканы белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG