Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

ИИМ: Балдарын өлтүргөн эне мектепте мугалим болуп иштеген


Бишкектеги конуштардын биринде 3 жаштагы уулун жана 4 жашар кызын бычактап өлтүргөн эне кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматкери Олжобай Казабаев билдирди.

Маалыматка караганда, 34 жаштагы И.А. аттуу айым буга чейин борбор калаадагы мектептердин биринде англис тилинен сабак берип келген. Ал ошондой эле Республикалык психикалык саламаттык борборунда эки ирет дарыланган.

“Учурда окуянын чоо-жайы, аны мектепке ким ишке алганы териштирилүүдө. Анын жыйынтыгы менен балдарын өлтүргөн келин дагы, башка тиешелүү адамдар дагы жоопко тартылат”, - деди Казабаев.

Маалыматка караганда, аял 3 жаштагы уулу уктабай чыр сала бергенде ашкана бычагы менен уул-кызын бычактап салган. Ошондон кийин ал эжесине телефон чалып болгон окуяны айтат. Эжеси келип, окуяны көргөн соң дароо милицияны чакырган. (МТо)

XS
SM
MD
LG