Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

ӨКМ: Таластагы сел 1 жарым млн. сом чыгым тарттырды


Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорундагы суу каптоо алдын-ала маалыматтарга караганда, 1,5 млн. сомдой чыгым алып келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматкери Элмира Шерипова билдирди.

Селдин кесепетин жоюу иштери аяктап калды. Учурда ондогон үйлөр жабыркап, анын экөө жашоого мүмкүн болбой калган. Турак-жайлар канчалык жабыркаганы аныкталууда.

Сел адам өмүрүнө зыян алып келген жок. Ал эми жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү үчүн жардам берүү маселеси азырынча чечиле элек.

Таласта 12-февралда суунун нугунан ашышынан улам Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун бир топ айылдарын сел каптаган. (МТо)

XS
SM
MD
LG