Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Копенгагендеги ок атуу боюнча дагы эки адам камалды


Кармалгандар өлкө баш калаасындагы эки адамды атып өлтүргөн адамга жардамдашкан деп шектелүүдө. Ишемби күнү ислам дининдеги маселелер жана сөз эркиндиги боюнча семинар өтүп жаткан имаратка белгисиз кишилер ок атып, бир адам каза тапкан. Үч полиция кызматкери жараат алган. Семинарга швециялык сүрөтчү, Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын автору катары таанылган Ларс Вилкс менен Франциянын Даниядагы элчиси Франсуа Зимерей катышып жаткан болчу.

Ошол эле күнү кечинде белгисиз кишилер шаардык синагога имаратына ок атып, бир жаранды мерт кылышкан. Эки полиция жараат алган.

Кийинчерээк ок атууга шектелген адамды полиция жок кылганы кабарланган. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал Омар аль-Хусейн аттуу адам экенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG