Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Оппозиция ураанын аныктады


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Өткөн жуманын соңунда жыйынга чогулган бир катар оппозициялык саясатчылар өлкөдөгү коомдук-саясий абалды, алдыдагы парламенттик шайлоону жана жер-жерлерде өтүп жаткан нааразылык акцияларына кандай мамиле жасоону талкуулашканын бүгүн "Азаттыкка" Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири, депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, бул жыйында негизги ураан катары "Атамбаев кетсин" деген чакырык тандалып алынды жана президенттин саясатына каршы саясатчылар оппозициянын катарына кошулууда. Ошондой эле азыр оппозиция алдыдагы парламенттик шайлоого кайсы партиянын туусу менен барууну караштырып жатат.

Парламенттеги башкаруучу коалициядагы Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков болсо оппозициянын мындай чакырык менен чыгышын туура көрбөйт. Анын пикиринде, өкмөттү, аткаруу бийлигин коалициялык көпчүлүк түзгөндүктөн оппозиция башкаруучу коалиция кетсин десе жарашмак.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо ушул жылдын күз айларында өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG