Өлкө аймагында 17-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында, тоо этектеринде мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -25 градуска чейин суук болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат, унаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине кедергисин тийгизиши мүмкүн. Тоолуу жолдордо кар көчкү жана күрткү коркунучу бар.
17-февралда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-1, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -3...2, күндүз 0...5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...3, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…3,
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...-9,
Бийик тоолуу райондордо -13...-18, күндүз -5...-10 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең мененжаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 2...4 градус жылуу болот.