Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Француз премьери Нетаньяхунун билдирүүсүн четке какты


Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс франциялык жөөттөрдү Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаньяхунун кайрылуусуна көңүл бурбоого чакырды. Жекшембиде Нетаньяху Европадагы жөөттөрдү өз тарыхый мекени Израилге көчүп келүүгө чакырган.

Вальс Израил премьер-министринин билдирүүсүнө өкүнүчүн билдирип, франциялык жөөттөр Францияда гана жашашы керектигин белгиледи.

Ага чейин Нетаньяхунун чакырыгына Даниянын премьер-министри Хелле Торнинг-Шмитт да жооп кайтарган. Ал өз өлкөсүндөгү жөөттөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн билдирген.

Нетаньяху өз билдирүүсүндө антисемитизм жана жөөттөргө кол салуу Европада көнүмүш көрүнүшкө айланып баратат деп, жөөттөрдүн коопсуздугун Израил гана камсыз кыларына көңүл бурган. Израил лидери мындай тычсыздануусун өткөн айда Париждеги кошер дүкөнүндө жана өткөн аптада Копенгагендеги синагога имаратына кол салуу менен негиздеди.

Францияда 500 миңге жакын жөөт жашайт. Өткөн жылы жети миңге жакын жөөт өлкөдөн көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG