Aravan.kg уюму менен жергиликтүү жаш активисттер ушул жумадан тарта интернет аркылуу райондун коомдук радиосун обого чыгара баштады. Азырынча тесттик режимде чыгып жаткан радио март айынан тарта толук кандуу иштей баштайт. Маалыматтык-маанайшат уктуруулар кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде даярдалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Икбол Исаков билдирди.
- Азырынча тест иретинде чыгарып, текшерип жатабыз. Аталышы да коюла элек. Буйурса март айынан тарта расмий иштей баштасак, уюлдук телефондор үчүн атайын тиркемеси да даярдалат,- дейт Исаков.
Жергиликтүүлөрдүн демилгеси менен иштей баштаган радио кызматкерлери кийинчерээк эл аралык уюмдарга долбоор жазып, каржылык көмөк алууну да максат кылып жатышат.
2012-жылы ишкерлер Аравандын райондук телевидениесин да ачкан болчу. (SE)