Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Депутаттар сомдун кунун талкуулайт


Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн кыргыз валютасы – сомдун куну түшүп бараткан маселени жана анын социалдык-экономикалык абалга тийгизип жаткан таасирин талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эл өкүлдөрүнө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, экономика министри Темир Сариев, каржы министри Ольга Лаврова жана башкалар маалымат берет.

Сом бир топ убакыттан бери АКШ долларына жана Еврого карата кунун жоготуп келатат. Ал эми орус рубли сомдон арзандап кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG