Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Лахордо набыт болгондордун саны беш кишиге жетти


Пакистан -- Лахордогу жарылуудан кийин, 17-февраль, 2015.
Пакистан -- Лахордогу жарылуудан кийин, 17-февраль, 2015.

Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында полиция комплексиндеги бомба жарылуусунда аз дегенде беш кишинин өмүрү кыйылды. Лахор полициясынын башчысы Хайдер Ашрафтын айтымында, бүгүнкү жардыруудан дагы 23 адам жараат алды. Айрым кабарларга караганда, жарылуудан кийин атышуу болду. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Декабрда Пешавар шаарындагы мектепте талиптердин кол салуусунда 151 киши набыт кеткенден кийин өлкө боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG