Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

ЖК комитети кумсалыкты үгүттөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комиети бүгүн бир топ талаш-тартыштардан соң кумсалыкты үгүттөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.

Буга чейин бир канча бейөкмөт уюмдар бул долбоордун кабыл алынышына каршылык билдирип келишкен. Ага Европа парламенти да терс пикирин билдирген. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары да кыргыз парламентин кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун кайтырып алууга чакырган. Аталган уюмдун эксперти «бул мыйзамды кабыл алуудан мурда кыргыз бийлиги кыйноонун ар кандай түрүнө жана дискриминацияга каршы күрөштү күчөтүүсү керек» деп билдирген. Ошол эле учурда кыргыз коомчулугунда бул долбоор кабыл алынышын жактаган топтор да жок эмес.

Жогорку Кеңеш кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун буга чейин эки окууда жактырган. Анда гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

XS
SM
MD
LG