Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Жерүй боюнча 20-февралда конкурс жарыяланат


Жерүй алтын кени.
Жерүй алтын кени.

Таластагы Жерүй алтын кенин казуу үчүн 20-февралда конкурс жарыяланат. Ал эми кендин баштапкы баасы 100 миллион долларга бааланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин маалымат катчысы Касиет Карачолокова билдирди.

Анын айтымында, Жерүй боюнча түзүлгөн өкмөт аралык комиссия конкурсту 2 тур менен өткөрүүнү чечти.

“23-март - арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү. Ал эми 26-апрелде экинчи тур үчүн арыздарды кабыл алуу аяктайт. Андан тандалган компания май айынын баш чендеринде Жерүйдүн алтынын казууга жана чалгындоого укук алат”, - деди Карачолокова.

Кенде болжол менен 80 тоннадай алтын бар.

Өкмөт өткөн жылы да Жерүй алтын кенин сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Эксперттер баштапкы баанын жогору болушу жана соттошуулар конкурстун үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришкен. (МТо)

XS
SM
MD
LG