Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

“Азаттыктын” кабарчыларына күч колдонулду


"Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетов (солдо) Медакадемияда. 17-февраль, 2015.
"Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетов (солдо) Медакадемияда. 17-февраль, 2015.

Бүгүн “Азаттык+” телекомандасы окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайларды иликтөө үчүн Медициналык академияга барганда аларга күч колдонулган.

Кабарчылар ректор Ашыралы Зурдиновдон маек алууга кирип баратканда окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы жана кызматкерлери аларга тоскоолдук кылып, камераларын тартып алууга аракет кылышкан. Андан соң күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан. Бул арада окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы Мурат Сулайманов операторду бир нече жолу бөйрөккө муштап, кабарчыны да уруп-сабоого аракет кылган.

Каршылык көрсөткөн топко окуу жайды кайтарган милиция кызматкерлери да жардам беришкен. Бир аздан кийин милициянын атайын машинеси менен автоматчан милиция тобу келип, окуу жайдын короосунан чыгып кетүүнү буйрушкан.

Болгон окуя видеого тартылып алынган.

Медициналык академиянын гранттык орундарындагы коррупциялык схемаларды “Азаттык” иликтеп, ачыкка чыгаргандан кийин Билим берүү министрлиги атайын комиссия түзгөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG