Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Билим берүү министринин орун басары кызматынан кетти


Билим берүү министринин орун басары Бермет Турсункулова кызматынан кетти. Анын кызматтан кетүүсүнүн себеби расмий түрдө айтыла элек. Бирок Турсункулова баллы жетпеген абитуриенттер Медициналык академияга кабыл алынышындагы коррупциялык схемаларды иликтөө боюнча комиссиянын төрайымы болчу.

15-февралда комиссия кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын жарыяламак. Бирок анын жыйынтыгы ушул кезге чейин чыгарыла элек.

Бермет Турсункулова бул кызматка былтыр 28-октябрда дайындалган. Ага чейин Борбор Азиядагы Америка университетинде вице-президент кызматын аркалап келген. (МТо)

XS
SM
MD
LG