“Азаттык” радиосунун журналисти жана телеоператоруна Медициналык академияда күч колдонулушун өкмөт тез арада иликтеп, окуу жай ичинде журналисттерге кол көтөргөн кызматкерлердин жоопкерчилиги каралышы жана бул окуядан тиешелүү жыйынтык чыгарылышы керек. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди.
- Кыргызстанда мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулук камсыздалып, журналисттерге маалымат алуу мүмкүнчүлүгү толук түзүлгөн шартта мындай окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигине көлөкө түшүрөт, - дейт Акаев.
Бүгүн, 17-февралда“Азаттык+” телекомандасы окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайларды иликтөө үчүн Медициналык академияга барып, ректор Ашыралы Зурдиновдон маек алууга кирип баратканда окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы жана кызматкерлери аларга күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан. Окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева ректорду тушүндүрмө беришин талап кылды. Болгон окуя видеого тартылып алынган. (SE)