Өткөн жылы Ооганстанда согушта өлгөн же жарадар болгон адамдардын саны 22% өстү. БУУнун билдиришинче, бул акыркы беш жылдагы эң бийик көрсөткүч.
БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы 18-февралда жарыялаган изилдөө боюнча 2013-жылы 8637 окуя, былтыр 10548 окуя катталган.
"Жарандар арасындагы жамандыктардын 72% талиптер жана башка согушчандар, 14% Ооган армиясы жана чет элдик аскерлер жооптуу" деп айтылат докладда.
АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы согуштук миссиясы 2014-жылдын аягында расмий түрдө бүттү. Азыр өлкө коопсуздугу ооган армиясынын моюнунда.