Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Жалал-Абадда 3-класстын окуучусу өз жанын кыйганы аныкталды

Шаардагы №21 орто мектептин 3-классынын окуучусу муунуп каза болгонун медициналык экспертиза тастыктады. Бул тууралуу облустук ИИБнин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-февраль күнү кечинде өспүрүм баланын жансыз денеси асылып турган жеринен табылган. Андан соң өлүмдүн себебин текшермекке медициналык экспертиза дайындалган.

Кийинчерээк окуучунун ата-энеси уулу үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу асынып алгандыгын билдиришкен. Милициядан билдиришкенине караганда, окуя болордон мурда баланы ата-энеси тилдеп койгон.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы облус боюнча 25 өспүрүм өзүнө-өзү кол салган. Суицидге барган балдардын дээрлик бардыгы колунда бар үй-бүлөлөрдөн. Расмий маалымат боюнча, 2014-жылы Кыргызстанда 540тан ашуун адам өз өмүрүнө кол салган.(RsK)

XS
SM
MD
LG