Тизмеде орусиялык жана украиналык 17 жаран, ошондой эле 17 уюм, анын ичинде “Роснефть” компаниясы бар. Расмий Оттава бүгүнгө чейин 5300дөн көп адамдын өмүрүн алган Путиндин режиминин аскерий агрессиясына бет турган Украин элин колдоо боюнча өз милдеттенмесинде бекем турат, - деп билдирди 17-февралда Канаданын өкмөт башчысы Стифен Харпер.
Канада бул кадамга Евробиримдик жана АКШ менен чогуу барды. Батыш Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдойт деп бир нече жолу экономикалык санкция киргизген.
Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министрлиги Оттаванын санкциясына Москва тийиштүү жооп кайтарууга акылуу экенин эскертти.