Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Орусиячыл жикчилдер Минск келишимин бузду деп сындалууда


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини 18-февралда Ригада сүйлөп, Москвага таянган жикчилдер Дебальцевого чабуул жасап, Минск келишимин бузганына көңүл бурду:

- Мен бүгүн түнү Украинанын Дебальцево районунда болгон окуялар 12-февралда кол коюлган келишимди “ачыктан-ачык бузуу” деп айтам. Европа биримдиги эмес, БУУнун Коопсуздук кеңеши да кечээ кабыл алган резолюция боюнча жалпы эл аралык коомчулук Минск келишимин толук аткарууну талап кылганын баса белгилейм. Аны баарынан мурда, жикчилдер жана Орусия ок атышууну токтотуп жана куралдарын чыгарып кетүүнү баштап, аткаруусу керек.

Федерика Могерининин айтымында, эгер согуш токтотулбай, Минск келишимин бузуу улана берсе, Европа биримдиги тийиштүү чара көргөнгө даяр.

XS
SM
MD
LG