Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Маданий топтор аркылуу ымаланы бекемдөө долбоору жүрүүдө


Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарда иштеген ыктыярчы жаштар
Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарда иштеген ыктыярчы жаштар

2014-жылдан бери бейөкмөт жаштар уюмдары бирге ишке ашырып жаткан улут аралык ынтымакты жана жарандык активдүүлүктү жогорулатуу боюнча PEACE долбоорунун бир жылдык жумушу аткарылып бүттү.

Бир жыл бою окуудан өткөн улан-кыздар марттан тарта жер-жерлерде жаштар менен маданий багытта иштеше баштайт. Алар теңтуштарын ыр-бийге, сүрөт тартууга чакырып, өз ара мамилени жандантууга аракет кылат. Ошондой эле шаарларда социалдык маанидеги сүрөттөрдү тартып, жарандарды кайдыгер болбоого чакырышат.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Баткен шаарларында иштеп жаткан долбоорду Youth of Osh уюму менен “Жаштарды өнүктүрүү институту” аткарууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдардан кабарлашты.

Эки жылдык долбоор жыйынтыкталган соң атайын колдонмо жазылып, жаштар уюмдарына берилет.

Эки жылдык долбоорго каржылык көмөктү DVV International жана Евробиримдик берүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG