Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 12:18

Өкмөт кыргыз спортундагы маселелерди талкуулайт


Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдештен бир көрүнүш. 16-февраль, 2015-жыл.

Кыргызстандагы спорт тармагынын көйгөйлөрү бүгүн өкмөт үйүндө атайын талкууда каралат. Машыктыруучулар жана спорт чеберлери вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага маселелерди чечүү боюнча сунуштарды айтышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик спорт агенттигинен билдиришти.

Адистердин айтымында, кыргыз спортундагы негизги көйгөй эл аралык мелдештерге баруу үчүн каржы тартыштыгы жана спорт залдар менен жабдыктардын жетишсиздиги саналат. Ошондой эле машыктыруучулар Ысык-Көлдүн боюнда спортчулар үчүн атайын мамлекеттик пансионат болсо, болочок чемпиондорду шыктантып, машыгуулар жанданарын белгилеп келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG