Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Волейбол чемпионатынын 2-турдагы оюндары башталат


Кыргызстандын Волейбол боюнча чемпионатынын Жогорку лигасынын 2-турдагы оюндары 23-февралда башталат.

Волейбол федерациясынан билдиришкендей, чемпиондук наам үчүн «Талас-Шумкар», «Динамо ИИМ» - «Теңир-Тоо Замандаш», «Улар», «Дархан ОшТУ» жана «Чаткал» командалары ат салышууда.

Биринчи турдун жыйынтыгында «Дархан ОшТУ» жана «Динамо ИИМ» командалары тогуздан упай топтошуп көч башында. Жогорку лиганын жеңүүчүсү кийинки сезондо өлкөнүн улуттук лигасында ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Ал эми волейбол боюнча Улуттук лиганын 2-турунун оюндары 25-февралда башталат. Спорт ордосунда боло турган оюндар 1-мартка чейин уланат. Чемпиондук үчүн бул лигада дагы алты команда ат салышууда. 1-турдун жыйынтыгында тогуз упай менен «Жаңы-Муун» жана «Ош Бажы» командалары алдыда. Аталган командалардан сырткары «Жаш-Күч», «Жети-Суу»,«Салам-Алик» жана «Улуттук Гвардия» командалары мелдешке катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG