18-февралда райондун Көк-Арт айылындагы Карагатты аймагында 18 койду көчкү алып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.
Маалыматка караганда, койлор 3 үй-бүлөгө таандык болгон. Кар көчкүдөн адамдар жана үйлөр жабыркаган жок. Көк-Арт Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун тоолуу, кышы катаал аймактарынын бири. (МТо)