Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Кыргызстанда 7 миңден ашуун паспорт мыйзамсыз берилгени аныкталды


Мамлекеттик каттоо кызматы жана Социалдык фонд тарабынан 2014-жылы 7 миңден ашуун жалпы атуулдук паспорт жана идентификациялык номерлер мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

- Мыйзамсыз негизде паспорт алган 500 жаранды текшердик. Алардын ичинен эки адам издөөдө жүргөндөр, ондон ашууну мурда сот жоопкерчилигине тартылгандар болуп чыкты. Алар мыйзамсыз паспорт алып, Кыргызстандан чыгып кетүүнү көздөшкөн, - деди Сулайманов.

Учурда “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG