Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Орусия Британиянын билдирүүсүн четке какты


Орусиянын Евробиримдиктеги элчиси Владимир Чижов Британиянын тышкы иштер катчысы Майкл Фэллондун «Орусия Балтия өлкөлөрүнө "реалдуу коркунуч келтирип жатат" деген билдирүүсүн четке какты:

- Катчыны урматтоо менен бирге айтаарым, ал Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн тарыхы жана согуштук доктринасы менен жакшылап таанышып алса деген тилек. Билдирүүдө Балтиканын үч өлкөсү мурдагы Чыгыш блогуна киргендер деп айтканы таң калтырат.

Эстония, Латвия, Литва мурда чачырап кеткен СССРдин курамындагы өлкөлөр болгон.

Британиянын коргонуу катчысы узак аралыкка учуучу орусиялык эки бомбалоочу учак кечээ Англиянын түштүк жээгине жакын учуп келгенде, Падышачыл Аба күчтөрүнүн учактары жөнөтүлүп, экөөнү өлкөнү кызыкчылык аймагынан узатып чыгууга мажбур болгондугун билдирген эле. Орусия бийликтери бул окуяны четке какканы маалымдалган жок, бирок Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Москва НАТОнун коркунучун эске алышы керек» деди.

XS
SM
MD
LG