Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Аида Саляновага "Манас" ордени тапшырылды


Аида Саляновага "Манас" орденин Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев тапшырды. 20-февраль, 2015-жыл.
Аида Саляновага "Манас" орденин Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев тапшырды. 20-февраль, 2015-жыл.

Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев мурдагы баш прокурор Аида Саляновага 2-даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

Өткөн жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев укуктук мамлекеттин жана демократиялык коомдун бекемделишине кошкон чоң салымы үчүн Салянованы аталган орден менен сыйлаган.

Бирок Салянова 11-февралда өткөргөн маалымат жыйынында орденди ал деп эч ким аны чакырбаганын билдирген. Айрым маалымат каражаттары Салянова сыйлыктан баш тартканын жазышкан болчу.

Мурдагы башкы прокурор өзү: “Орденге байланыштуу маалымат менин айланамдагы интригалардын бири. Бул жеке адамдын эмес, мамлекеттин сыйлыгы. Эгер бербейбиз деген оюндар болуп жатса ага каршы эмесмин”, - деген болчу.

Аида Салянова 2011-жылдын 14-апрелинен 2015-жылдын 22-январына чейин өлкөнүн башкы прокурору болуп иштеген. (МТо)

XS
SM
MD
LG