Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

КММА ректору “Азаттыктын” журналисттеринен кечирим сурады


Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Ашыралы Зурдинов болуп өткөн окуяга өкүнүп, “Азаттыктын” журналисттеринен кечирим сурайт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат катчысы Абибилла Пазылов тараткан билдирүүдө айтылат.

“Ректор окуу жайдын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровго, иш башкармалыгынын башчысы Мурат Сулаймановго жана кабылдамадагы катчысы Токтомамбет кызына кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялады”, деп жазылат билдирүүдө.

17-февралда “Азаттык+” телепрограммасынын журналисттери окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайлар боюнча ректор Зурдиновдон маек алганы барышканда окуу жай жетекчилиги аларга кол көтөрүшкөн. Тактап айтканда, Мурат Сулайманов баштаган башка кызматкерлер камераларын тартып алууга аракет кылышкан. Андан соң күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан. Бул арада Сулайманов операторду бир нече жолу бөйрөккө муштап, кабарчыны да уруп-сабоого аракет кылган.

Бул иштин чоо-жайын иликтөөнү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев көзөмөлгө алган. (МТо)

XS
SM
MD
LG