Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

АКШ менен талиптер сүйлөшүү тууралуу маалыматты четке кагышты


Ак үй жана Ооганстандагы талиптер Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты четке кагышты. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Бернадет Миихандын бейшемби күнкү билдирүүсүнө ылайык, Вашингтон "Талибан" кыймылынын катышуусундагы жарашуу процессин колдойт. Бирок кыймыл менен америкалык арачылардын сүйлөшүүлөрү белгиленген эмес.

"Талибандын" борбордук командачылыгы да андай маалыматтар чындыкка коошпогонун, алардын шарттары аткарала электигин ырастоодо. Талиптердин маалымат катчысы Забихулла Мужахиддин айтымында, Катарда кимдир бирөөлөр менен кездешүү планы жок. Буга чейин Пакистан армиясынын жогорку өкүлдөрү жана айрым дипломаттар Ооганстандагы талиптер 19-февралда Катарда АКШнын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу ниетин билдиришкени тууралуу айтышкан.

XS
SM
MD
LG