Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Ооган согушунун ардагерине арналган мелдешке 700 спортчу катышууда


Ооган согушунун катышуучусу Виталий Гордеевдин элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдешке Казакстан менен Кыргызстандын 700 чамалуу спортчусу катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” мелдештин башкы калысынын орун басары Апсамат Мукамбетов билдирди.

18-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталган турнир бүгүн жыйынтыкталат.

Анда спорттук самбо боюнча тогуз салмакта, күжүрмөн самбо боюнча жети салмакта байгелер ойнотулууда. 1-орунга ээ болгон спортчуларга “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамы ыйгарылат.

Жоокер-интернационалист, Кызыл жылдыз орденинин кавалери, Ооганда баатырлык менен курман болгон Виталий Гордеевдин элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш быйыл 28-жолу өткөрүлүп жатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG