Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Германия канцлери Ангела Меркел Минск келишими аткарылууга тийиш деп мурдагыдан да катуу ишенишет. Париждеги биргелешкен маалымат жыйынында Олланд "Ок атышууну токтотуу келишими бир нече жолу бузулду. Макулдашуу майдан тилкесинде толугу менен урматталышы керек",- деди.
Сөз болгон документ эки лидердин арачылыгы менен түзүлгөн.
Ал ортодо француз тышкы иштер министри Лоран Фабиус 3-мартта Орусия, Германия жана Украинанын тышкы мекемелеринин жетекчилери менен кездешип, Украин жаңжалын талкуулашы мүмкүн экенин билдирди.
Өткөн жумада кол коюлган келишимге карабай, орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөр ортосундагы атышуулар уланып жатканы кабарланууда.
Украин армиясынын өкүлдөрү акыркы 24 саат ичинде орусиялык 20 танк, 10 даана ракета системалары жана согушкерлерди ташыган автобустар чек араны кесип өткөнүн билдирди.