Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Москванын борборунда "Антимайдан" кыймылы жүрүшкө чыкты


Митингден бир көрүнүш
Митингден бир көрүнүш

Киевдеги массалык акциялардын жылдыгына карата Москвада "Антимайдан" кыймылынын жүрүшү өтүүдө. Ага, уюштуруучулардын маалыматы боюнча, 10 миңдин тегерегинде киши катышууда. Алардын арасында "Антимайдандын" лидери Александр Залдостанов да бар.

Демонстранттар Петровка көчөсүнөн Революция аянтына чейин жетип, "Майданга бир жыл. Унутпайбыз, кечирбейбиз!" деген ураандын алдында митинг өткөрүүнү пландоодо.

"Коммерсант" гезитинин кабарчысы Григорий Туманов митингге катышкандарга кайсы бир уюмдун өкүлдөрү 300 рублдан төлөп жатканын Твиттердеги баракчасына жазып чыкты. Журналисттин айтымында, акцияга жазылуу үчүн бир гана кезекте турган кишилердин саны 200дөн ашат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG