Коомдук биринчи канал Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте тарткан “Чек ара” аттуу көркөм тасма Мекен коргоочулардын майрамына карата 22-февраль күнү көрсөтүлдү. Тасманын режиссеру Элдияр Айылчиев “Азаттыкка” билдиргендей, фильмге техникалык колдоону КТРК көрсөттү, ал эми Чек ара кызматы тамак-аш жана тасма тартуу үчүн аянтчалар жагынан жардам берди. Калган чыгымды режиссер өзү көтөргөнүн айтууда.
2014-жылы 5 ай аралыгында тартылган фильмде Кеминдеги Кароол-Дөбө чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскерлердин турмушу сүрөттөлөт. Анда жоокерлердин маңзат ташыган аткезчилер менен күрөшү чагылдырылган. (SE)