Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Анапияевдин сөөгүн Кыргызстанга 24-февралда алып келишет


Минскте киши колдуу болгон Алмамбет Анапияевдин сөөгүн жакындары 24-февралда Кыргызстанга алып келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун адвокаты болуп жүргөн Жыргалбек Бабаев билдирди. Анын айтымында, Беларуска барган туугандары сөөк Алмамбет Анапияевдики экенин тастыкташкан. Маалыматтарга ылайык, маркумдун сөөгү Москва аркылуу Ошко алынып келинет.

19-февраль күнү Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алмамбет Анапияевдин Минскте өлтүрүлгөнү тууралуу кабарланган. Аны белгисиз кишилер мууздап кеткен.

Алмамбет Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал Дубайда жашырынып жүргөнү маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG