Кореядагы кыргыздардын үйлөнүү тою
Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы "Namsan j-gran house" деген чоң ресторанда Анарбек менен Перизаттын үйлөнүү тою болду. Тойдо кыргыз элчилигинин консулу Азиз Кыштообаев жаш жубайларга нике күбөлүгүн тапшырды. Той корей стилинде жасалып, кыргыздын каада салты менен "Айпери" бийчилер тобунун коштоосунда өттү. Тасманы жөнөткөн Түштүк Кореядагы "Биримдик" коомдук уюмунун төрагасы Улукбек Абдырахманов.